Кара-Суудагы В.Ленин мектебинин жаңы имараты курулуп баштады. Курулушка 107,6 млн сом сарпталат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-июнда Кара-Суу шаарындагы В.Ленин мектебинин кошумча имаратынын курулушу башталып, мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу Кара-Суу шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага район акими Темирболот Абыкеев, Кара-Суу шаарынын мэри Майрамбек Тентимишов, Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Алтынбек Салимов, айыл өкмөт башчылары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.

Жаңы имарат 4 кабаттан туруп, 450 окуучу окууганга ылайыкташып курулат. Курулуштун буюртмачысы — Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы, долбоорчу — «Зодчи» ЖЧКсы. Ал эми курулуш иштерин «Ви-Ва комфорт строй» ЖЧКсы жүргүзөт.

Курушутун сметалык баасы 113 млн 130 миң сом, конкурстук баасы 107 млн 664 миң сомду түздү.

Ленин мектебинин эски имараты 1969-жылы курулган. Учурда 85 мугалим иштеп, 3 миң 215 окуучу окуп жатат. Эски имарат 680 окуучуга ылайыкташтырылып курулган.

Пример HTML-страницы

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Ви-Ва комфорт строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү — Эшманов Сардалбек Канатович. Компания 2015-жылы 15-февралда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️