Кара-Суудагы тургун бычакталып өлтүрүлгөн. Эки адам кармалды, бири маркумдун келини

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунун аймагында келин кайын атасын бычактап өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, окуя 30-август күнү аталган райондун Отуз-Адыр айыл аймагында катталган. Анда келин кайын атасынын бир нече жерине бычак сайып, анын сөөгүн гаражга бекитип койгон.

Шектүү келиндин жолдошу Россияда миграцияда болгону айтылууда. Келин балдары менен Отуз-Адыр айылында жашап жаткан.

Кийинчерээк Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 1-сентябрында 1997-жылы туулган С. кызы Р. арыз менен милицияга кайрылган. Анда 2024-жылдын 1-сентябрына караган түнү үйүндө өзү менен бирге жашаган кайын атасы — 1960-жылы туулган Д.А. менен пикир келишпестиктен улам анын арт жагына учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып, өлтүрүп алгандыгын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги, прокуратура кызматкерлери жана тергөө ыкчам тобу барып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.

Пример HTML-страницы

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык, соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, окуяга күбөлөр суракка алынып, тергөө аракеттери улантылган.

Ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында жаңы жагдайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Аксы районунун 1997-жылы туулган тургуну С.кызы Р. менен бирге Кара-Суу районунун 1997-жылы туулган тургуну Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️