Кара-Суудагы селден жабыр тарткандарга Казакстандан жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды алып келишти

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районундагы селден жабыр тарткандарга Казакстандагы кайрымдуулук фонд жөнөткөн гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, чек арага чейин келген гуманитардык жардамды кыргызстандык куткаруучулары селден жабыркаган Кара-Суу районуна жеткиришти. Жалпы 40 тонналык гуманитардык жардам кийим-кечек, төшөнчү жана азык-түлүктөрдөн турат.

  • ӨКМ кечээ, 19-июлда Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келгенин билдирген. Таң эрте «Ак-Тилек» чек ара өткөрмө пунктунан кирген гуманитардык жардам Ош облусун карай жол тарткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️