Кара-Суудагы айыл башчы тергөөчүгө 10 000 доллар пара алып келген. Сот аны камакка алды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда тергөөчүгө 10 миң доллар пара сунуштаган айыл башчы камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук соту 2024-жылдын 12-октябрында шектүү С.Б.нын баш коргоо чарасы карап, 1 айга камакта калтырды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

———————————————————-

Буга чейин ИИМ Ош облусундагы айыл башчы тергөөчүгө 10 000 доллар пара берип жатканда кармалганын билдирген. Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери операцияны 10-октябрда тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө жүргүзгөн.

Пример HTML-страницы

Кара-Суу райондук милициясына жергиликтүү тургундар С.Х., Ш.И., Ю.М., И.Х. жана И.Э. жасалма документтердин негизинде 0,5 гектардан жер тилкелерин үй куруу үчүн алганы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Текшерүүнүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районундагы Датка айыл аймагындагы айыл башчы — 1965-жылы туулган С.Б. Кара-Суу РИИБдин тергөөчүсүнө текшерүүнү токтотуу үчүн 10 000 доллар сунуштаган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен катталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️