Кара-Сууда жайлоо бала бакчасы иштеп баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда жайлоо бала бакчасы иштеп баштады. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагына караштуу Беш-Конуш айылында балдарды өнүктүрүү борборунун 11-сезонунун ачылыш аземи өттү. Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым катышты.

Облус жетекчиси Элчибек Жантаев мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Ал президент Садыр Жапаров тарабынан билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанисин белгилеп, бардык балдар үчүн билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган мамлекеттик программаларга токтолду.

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын мамилеси ар дайым бири-бирин урматтоого негизделип келгенин белгиледи. Ал өз сөзүндө жаштарга да кайрылып, белектерин тапшырды.

Быйылкы сезондо бала бакчага 41 бала келди.

Пример HTML-страницы

Анын ичинде:

— 2-3 жаштагы 5 бала;

— 4-5-6 жаштагы 10 бала;

— 7-8-9 жаштагы 12 бала;

— 10-11-12-13-14 жаштагы 14 бала.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️