Пример HTML-страницы

Кара-Сууда тилемчилерге рейд өтүп, 40тай адам милицияга жеткирилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 5-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында «Тилемчи» рейддик иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, социалдык жактан коргоо кызматтары, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо мекемесинин жана аймактык билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты. Алар тилемчилик менен алектенген жарандарды аныктап, өздүгүн тактады.

«Акыркы учурларда Кара-Суу районундагы «Туратали» базарында кайыр сурагандар көбөйүп, соодагерлерге жана базарга келген сатып алуучуларга ыңгайсыздык жараткан учурлар көп каттала баштаган. Иш-чаранын максаты тилемчиликти өнөкөт адат катары өздөштүрүп алган жарандарды, анын ичинде жаш өспүрүмдөрдү аныктоо, алардын бул аркетке баруусуна түрткү болгон себептерди жоюу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Рейддин жүрүшүндө тилемчилик менен алектенген 38 жаран райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Алардын ичинен 22 жаш өспүрүмдүн ата-энелерине Укук бузуулар кодексинин 74-беренесинин (балдардын ден соолугуна, алардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу) негизинде административдик протоколдор түзүлүп, 22 000 сом айып салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE