Кара-Сууда Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды

TurmushКара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы М.З. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын жооптуу адамдары тарабынан жайыт жерлер мыйзамсыз сатылганы аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы М.З. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️