Кара-Сууда селден жабыркаган тургундарга 1 млн сомго чейин берилген. Үйлөрдүн курулушу кандай жүрүп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushБарак эсклавынан көчүрүлүп келген жарандарга бирдей үлгүдөгү үйлөр курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 17-сентябрда президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басар Курбанбек Айтибаев Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылында селден жабыркаган жарандардын жаңыдан курулуп жаткан турак жайларынын курулушунун абалы менен жеринен таанышты.

Маалым болгондой, ушул тапта айрым үйлөрдүн чатыры жабылып, ички жасалгасы башталса, айрымдарынын дубалы бүтүп, чатырын жабуу аракеттери жүрүп жатат.

Курбанбек Айтибаев мамлекет тараптан берилген акчаны максаттуу колдонуу менен суук түшкөнчө турак үйлөрдү бүтүрүп алууга чакырды. Ал эми калыбына келтирүү иштериндеги айрым маселелерге жардам берүү үчүн тийешелүү жетекчилерге тапшырма берилди.

Буга чейин Ош облусуна Президенттин фондунан табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттары бөлүнгөн.

Пример HTML-страницы

Анын ичинде:

— сел кырсыктарынан жабыркаган, авариялык абалга келген турак үйлөрдүн ээлерине 1 000 000 сомдон;

— сел кырсыктарынан жабыркаган, капиталдык оңдоого муктаж болгон турак үйлөрдүн ээлерине 500 000 сомдон берилген.

2024-жылдын 14-июлунда Кара-Суу районунда сел жүргөн. Селден 742 турак үй жабыркап, анын ичинен 423 үйдүн короосун, 319 үйдүн ичин сел каптаган.

Мындан тышкары район аймагындагы 9 социалдык объекти селден жабыркады. Алар: 4 мектеп, 2 оорукана, 1 ФАП, 1 музей, 1 бала бакча.

Ошондой эле өкүлдүн биринчи орун басары Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагынын Ак-Таш айылындагы Барак эсклавынан көчүрүлүп чыккан жарандарга курулуп жаткан турак жайлардын курулушунун абалы менен да таанышты.

Учурда Жаңы-Барак айылында 38 гектар жерге 101 турак үйдүн курулушу өз нугунда жүрүп жатат. Үйлөрдүн баары бирдей үлгүдө керектүү шарттары менен салынууда.

Жаңы-Барак айылында 101 турак жай курулууда. Ошондой эле 5 кабаттуу көп батирлүү «Ынтымак-Достук» үйүн долбоорлоого архитектуралык уруксат кагаздары жана долбоордук документтери даярдалып берилген. Долбоорго ылайык, көп батирлүү үй 5 кабаттан жана 4 блоктон турат. Ар бир блокто 40 даана батир болот, жалпысынан 160 даана батир каралган. Мындан тышкары кичи футбол аянтчасы жана 2 кабаттуу 140 орундуу бала бакча курууга тиешелүү иш кагаздары даярдалып берилген.

——————————————————-

Буга чейин Turmush Барак эксклавынын тургундары Өзбекстан Республикасынын аймагынан көчүрүлүп келгенин жазган.

2024-жылдын 4-8-март күндөрү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу комиссияларынын жолугушуусу болуп, протоколго кол коюлган.

Жогорудагы протоколго ылайык, 2024-жылдын 15-апрелине чейин Өзбекстан Республикасы тарабынан инженердик-техникалык курулмаларын демонтаждоо, ал эми Кыргыз Республикасы тарабынан Барак айылынан өз жарандарын көчүрүп чыгаруу иштери жүргүзүлдү.

Барак эксклавынын тургундарын көчүрүп чыгуу жана аларга турак жай куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жана аларга инфраструктуралык шарттарды түзүү максатында Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелинде №117 тескемеси кабыл алынган.

Тескеменин негизинде бүгүнкү күндө 97 турак жай, 8 социалдык объекти бузулуп, толугу менен Кыргызстандын аймагына көчүрүлдү.

Көчүрүү иштерине жалпы 52 техника жана 155 жаран тартылды.

Барак айылында жалпы 97 турак жай жана 8 социалдык объекти катталган:

— мектеп (эки корпустан турат);

— бала бакча;

— коомдук мончо;

— ФАП;

— айылдык маданият үйү;

— мечит;

— таза суу менен камсыз кылуучу скважина (115 метрден артезиан суусун тереңдиктеги насос менен тарттырып берет);

— эки жеке менчик дүкөн.

——————————————————-

Барак — Кыргызстандын эксклавы, Ош облусунун Кара-Суу районундагы айыл. Ала-Тоо айыл аймагынын (мурунку Ак-Таш айыл аймагы) курамына кирет. Толугу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун Кургантепа району менен курчалат.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Кашкар-Кыштак, Ак-Таш айыл аймактары биригип, Ала-Тоо айыл аймагы түзүлдү.

2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо маселеси талкууланган.

Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын суроолоруна жооп берген.

Депутат Алишер Козуев Ташиевден Кыргызстандын Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавы тууралуу сураган. Анын айтымында, айылда 300дөн ашуун түтүн, 1 миңден ашуун адам жашайт.

«Барак айылын алмаштык. 208 гектар жерди Өзбекстанга берип, Өзбекстандын Кара-Суу менен чектешкен суулуу, тегиз жеринен 208 гектар жерди алдык. Демаркациялоо иштери башталганда Барактагы жашоочуларды көчүрүп кетебиз. Мамлекет тарабынан компенсация берилет жана үй салып беребиз. Алыс жерге көчүрбөйбүз. Жакын эле жерге көчүшөт», — деген Ташиев.

Turmush 2024-жылдын 11-апрелинде Барак эксклавынын элин көчүрүү иштери башталып, 97 турак жай бузулганын жазган.

Барактын жашоочуларын Мөнөк айылынын жанындагы Анжиян-Маала аймагына жакын жерге көчүрүү пландалган.

Буга чейин «Баракелде» Министрлер кабинети президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Барак эксклавынын тургундарын Өзбекстандан алынган 208 гектар аянттагы жерлерге көчүрүүнү тапшырганын жазган.

Тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 1-апрелинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️