Кара-Сууда поезд жолдун жээгинде чуркап бараткан эликти видеого тартып алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда качып жүргөн эликти видеого тартып алышты.

Жашоочулар бийик тоолордо жашаган жапайы жаныбар айыл аралап жүргөнүн көрүп, таң калышкан. Алардын айтымында, окуя кечээ, 20-октябрда Кара-Суу районун Калинин колхозу деп аталган аймагында болгон.

«Поезд жолдун жээгинен көрдүк. 4-5 чакты киши кууп бараткан экен. Зоопарктан же бирөөнүн үйүндө багып жүгөн жеринен качып кетсе керек», — деди күбөлөр.

Эликтер — бугулар тукумундагы кийиктердин бир уруусу. Алардын эки түрү бар: кадимки элик, Сибирь элиги, Кыргызстанда акыркы түрчөсү кезигет. Эликтин түлөй элек баласы чаарчык деп аталат. Куран — эликтин эркеги. Телки — эликтин ургаачысы.

Пример HTML-страницы

———————————————————

2024-жылдын июль айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө зыян келтиргендерге карата айыптын өлчөмү көбөйтүлгөнүн билдирген.

Төмөнкү жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аткандарга карата айып пулдун баасы көбөйдү:

— ак илбирс — 2 млн сом (мурда 1,5 млн сом болчу);

— аркар, күрөң аюу, марал, жейрен — 1,5 млн сом (мурда 1 млн сом болчу);

— кийик — 300 миң сом (мурда 100 миң сом болчу);

— элик — 100 миң сом ( мурда 50 миң сом болчу).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️