Кара-Сууда катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа «Тойота Камрини» учура сүздү

TurmushОш облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылында 2 жеңил унаа кагышты.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, жол кырсык 7-апрелде саат 19:00 чамасында Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кара-Суу көчөсүндө болгон.

«Хонда Жазз» жана «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Тактап айтканда, 2001-жылы туулган С.М.нын башкаруусундагы «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаа түштүк тараптан түндүк тарапка бара жатканда айдоочу рулга ээ боло албай, карама-каршы багытта токтоп турган «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен эки автоунаага тең материалдык зыян келтирилген. Айдоочулар жана жүргүнчүлөр жаракат алган эмес. Ооруканага кайрылыгандар катталган жок», — деп айтылат маалыматта.

Бул кырсык Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️