Кара-Сууда депутатты кармап кетишти: Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 19-июль күнү Кара-Суу районунун Датка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты М.Х. жер сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ош ОИИБдин жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аталган адам 2016-жылдан тартып ушул күнгө чейин өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен Шарк айылынын тургундарынын ишеничине кирип, турак жай куруу үчүн жер тилке алып берем деп, ири өлчөмдөгү акча алып жүргөндүгү жана учурда да аталган мыйзамсыз аракеттерин улантып жаткандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмүнүн 4-пункту (кызматтык абалынан пайдаланып, ири өлчөмдө жасалган алдамчылык ) менен иш козголгон. Ал кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

——————————————

Пример HTML-страницы

Кечээ, 19-июль күнү Ош шаарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан жыйын өткөн. Анда К.Ташиев Кара-Суу районунда мамлекет элге бөлүп берген жерлерди айрым адамдар сатып жатканын айтып, бул боюнча чара көрүлүшү керектигин белгилеген.

«138 гектар жер 1000 чек (1000 адамга жер тилке) болгон экен. Ошол 1000 чек жерди мамлекет транформация кылып, кезекте турган адамдарга бекер берди. А жергиликтүү бийлик органдары аны сатып жатат. Биз «тигил жакка беришибиз керек, андан чоңуна беришибиз керек, депутатка беришибиз керек, өкмөткө алып барышыбыз керек» деп элден акча чогултуп жатат. Бир чекти 50 миңден 300 миңге чейин сатып жатышат. Ал жерди мамлекет бекер берди. Кезекте турган, үйү жок кыйналган адамдар бергиле деп берип жатат. А силер алып келип сатып жатасыңар. Ким жаман? Мамлекеттин жетекчилери жаман. Айыл өкмөт жаман эмес. Кайра эл сүйүнүп жатат «Молодес, мага мына 50 миңге сатты, 100 миңге сатты деп» Ал айыл өкмөт бекер бериши керек аны», — деген Ташиев.

Ал буга катар эле жер сатуу боюнча айыл өкмөт башчысы, жер адиси камалганын айтып, укук коргоо органдарына бул ишти аягына чыгарууну тапшырган.

«Менде топтолгон бул акчалар, 300-350 миң долларга жакын акча Жогорку Кеңешке чейин жеткени жөнүндө маалыматтар бар. Аягына чейин чыгаргыла. Эгер аким 1 сом алган болсо алып барып камагыла. Эгер мамлекеттик чиновниктер, алардын ичинде депутаттар, кимдир бирөө алса алып барып камагыла. Мыйзамдын алдында жооп берсин», — деген УКМКнын башчысы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️