Пример HTML-страницы

Кара-Сууда чек ара жаңжалында каза болгон М.Ниязовдун элесине арналган футбол аянтчасы ачылды

TurmushБүгүн, 20-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунун Кыргызстан айылында кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи өттү. Аянтча 2022-жылдын 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу жаңжалда курман болгон кенже сержант Мирлан Ниязовдун жаркын элесине арналды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын Ош облустук башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чарага облус, район жетекчилиги жана чек ара башкармалыгынын башчысынын орун басары — подполковник Замирбек Бекиев катышты.

Кичи футбол аянтчасы жергиликтүү бюджеттен жана элдик салымдан курулуп, бүгүн спорттук мелдеш өткөрүлдү.

———————

Мирлан Ниязов 1987-жылы 28-июлда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылында туулган. Ал өзү жашаган айылдагы №31 Орунбай Курбанбаев атындагы орто мектепте окуп, 2005-жылы 9-классты аяктаган.

2005-2007-жылдары аскерде кызмат өтөгөн. 2007-жылдан 2012-жылга чейин Чек ара кызматынын Оштогу бөлүгүндө иштеген. 2012-жылдан 2019-жылга чейин турмуш шартына байланыштуу Россияда иштеген. 2020-жылдан тартып Чек ара кызматынын Оштогу бөлүгүндө иштеп баштаган. 2021-жылы Чек ара кызматынын Баткендеги бөлүгүнө которулган.

Үй-бүлөлүү, артында бир уулу, бир кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE