Кара-Сууда баңгизатын сатууга шектүү жаран кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Сууда баңгизатын сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлерине М. аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сатып жүргөндүгү тууралуу кабар түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза Кодексинин 282-берененин 1-бөлүгүнүн негизинде (баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган М. уулу М. аттуу тургуну кармалган. Ыкчам-издөө иш-чараларында шектүүдөн алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, канабис гашиш жана опиум экендиги аныкталган.

Пример HTML-страницы

2024-жылдын 12-сентябрь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️