Кара-Сууда атчан милиционерлер талааларды кыдырып чыгышты (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунда «Мал уурулук-Веткөзөмөл» рейди жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул рейд бүгүн Кара-Суу районунда мал уурулукту алдын алуу максатында өткөрүлдү. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчылар, райондук ветеринардык башкармалыктын кызматкерлери жана Кара-Суу РИИБдин өздүк курамы катышты. Анда Кара-Суу районунун аймагында каттоосу жок мал союлучу жайлар, эт азыктарын иштетүүчү жайлар текшерилди. Мал ташыган унаалардын ээлерине ташып бараткан малда кулак биркасы, жылкыларда чиптер, ошондой эле, ветеринардык коштоочу документтери (форма № 1a, форма №2а жана форма № 3а) ветеринардык күбөлүктөрү болушу зарылдыгы эскертилди.

Аны менен катар ат минген милиция кызматкерлери айылдарды, талааларды кыдырып, талаада кароосуз калтырган мал ээлерин аныктап, аларга атайын милиция тарабынан даярдалган эскертүү баракчаларын таркатышты.

Жыл башынан бери Кара-Суу районунун аймагында мал уурулук боюнча 30 кылмыш иш өндүрүшкө алынып, 25 кылмыштын бети ачылган. Жабырлануучуларга келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 млн 725 миң сомду түзгөн. Анын ичинен кылмыштын бети ачылып, мал ээлерине кайтарылган сумма 1 млн 457 миң сомду түзгөн.

Талдоо көрсөткөндөй мал уурулук кылмыштарынын басымдуу бөлүгү мал ээлеринин кайдыгер мамилесинен, башкача айтканда малын талааларда, жайыттарда кароосуз калтырып, уурулар олжосун оңой алып кеткен учурлар көп кездешет.

Пример HTML-страницы

2024-жылдын 30-сентябрында башталган «Мал уурулук-Веткөзөмөл» рейди 2024-жылдын 20-октябрына чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️