Кара-Сууда 4 унаа кагышып, «Тойотанын» айдоочусу комага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Алай унаа жолунда 4 унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар бар.

Ал эми Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, кырсык 22-октябрь күнү саат 21:20 чамасында Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагында катталган.

Баш-Булак айылынын 1998-жылы туулган тургуну А.Э.нин башкаруусундагы «Тойота Королла» үлгүсүндөгү унаа Папан айылынын тургунунун башкаруусундагы «Хово» унаасы, Кожо-Келең айылынын тургунунун башкаруусундагы «Дэу Нексия» жана Алай районунун Сары-Могол айылынын тургунунун башкаруусундагы «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Тойота Королла» унаасынын айдоочусу жабыркап, Ош облустук ооруканасына жаткырылган. Ал эми жүргүнчүсү Мады айылындагы ооруканага кайрылган.

Ош облустук ооруканасынын маалыматы боюнча, «Тойота Королла» унаасынын айдоочусунун абалы абдан оор, терең комада. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Баш мээси катуу жабыркаган. Ошондой эле кабыргалары эки тараптан тең көп жеринен сынган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️