Кара-Сууда 3 эм кыздар жарыкка келди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу райондук төрөт үйүндө 3 эм кыз төрөлдү. Бул тууралуу аталган төрөтканадан билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-октябрь күнү 1991-жылы туулган Жоош айыл аймагына караган Питомник тилкесинин тургуну Айжаркын Бакытбек кызы 3 эм кызды жарык дүйнөгө алып келген.

Аларга Күнсулуу, Нурсулуу, Таңсулуу деген ысым ыйгарышты.

Ымыркайлардын салмагы:

биринчи кыз — 2 кг 460 гр;

Пример HTML-страницы

экинчи кыз — 2 кг 440 гр;

үчүнчү кыз — 1 кг 700 гр.

Төрөт үйүнүн дарыгерлери эне жана ымыркайлардын абалы жакшы экенин билдирди.

  • Кара-Суу райондук төрөт үйүндө 10 ай ичинде 8 эгиз ымыркай жана 2 жолу 3 эм төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️