Кара-Сууда 20 миң доллар пара берүүгө аракет жасаган жетекчи кармалгандан кийин кадрдык өзгөрүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районундагы эки айыл өкмөткө жаңы башчылар дайындалды.

Маалым болгондой, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Канат Табалдиевдин 2024-жылдын 15-октябрдагы буйругуна ылайык, Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Садыков Тынчтык Таштанович ээлеген кызматынан бошотулуп, Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды.

Ошондой эле аким башка буйругу менен Рустамов Аскарбек Асилбековичти Манас айыл өкмөтүнүн башчысы кылып дайындады. Ал буга чейин Аскарбек Рустамов Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

Тынчтык Садыков Манас айыл өкмөтүнүн (мурунку Нариман айыл өкмөтү) башчысы болуп 2022-жылдан бери эмгектенип келген.

Ал эми Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мурат Кыргызбаев УКМК тарабынан кармалганы маалымдалган.

Пример HTML-страницы

УКМК билдиргендей, К.М.К. буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп турганда кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, Жаңы-Арык айылындагы жерлерди жеке турак жай жана коммерциялык имараттарды куруу үчүн мыйзамсыз жол-жоболоштурган.

К.М.К. кылмыш-жаза жоопкерчилигинен кутулуу үчүн УКМК кызматкерине 20 миң доллар пара сунуштаган.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 3-октябрындагы токтомунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) менен шектүү К.М.К.га бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2024-жылдын 24-ноябрына чейин тандалган.

————————————————————————

Кара-Суу району Ош облусундагы калк эң жыш жайгашкан район болуп саналат. Ал Кыргызстандагы калкы көп райондордун ичинен лидер. Акыркы эл каттоо боюнча, райондо 476 166 адам жашайт.

Ал эми экинчи орунда Жалал-Абад облусунун Сузак району, үчүнчү орунда Ош облусунун Ноокат району турат.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Нариман айыл аймагынын аталышы Манас айыл аймагы болуп өзгөртүлгөн. Айыл аймактагы калктын саны 52 миң 965 адамды түзөт.

Ал эми Савай айыл аймагында административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөн эмес. Айыл аймакта 29 миң 55 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️