Кара-Сууда 14 жаштагы Медина Тургунбаева изделип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районунда 14 жаштагы Медина Тургунбаева изделип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Мады айыл өкмөтүнүн 42 жаштагы Т.К. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Ал 17-июль күнү саат 16:00 чамасында 14 жаштагы кызы Тургунбаева Медина үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Бул факты боюнча топтолгон материалдар Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган.

Кийген кийимдери: үстүндө кара гүлдүү футболка жана шорта, бутунда жашыл түстөгү бут кийим.

Өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 150-155 см., бетинин түзүлүшү тоголок формада, кара тору, мурду кыргач, чачы карат түстө.

Медина тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондорго кабарлап коюшунуздарды суранабыз: 03222 5-31-19, 03222 6-65-22, 0557 54 00 30, 0702 01 10 10. 102

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️