Пример HTML-страницы

Кара-Суу шаарында оргума курулуп, тротуар оңдолуп, инсталляция орнотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу шаарындагы Ж.Бөкөнбаев паркына жаңы оргума курулуп, Ленин көчөсүндөгү тротуар оңдолуп, инсталляция орнотулду. Бул тууралуу Кара-Суу шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ж.Бөкөнбаев паркында оргуманын ачылыш аземине Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев, Кара-Суу шаарынын мэри Майрамбек Тентимишов катышты.

«Буга чейин оргума куруу демилгеси көтөрүлүп, учурунда колдоо тапкан. Анын курулуш иштерине Ош облустук өнүктрүү фондунан 5 млн 610 миң 839 сом, Кара-Суу шаардык мэриясынын 4 млн 350 миң 331 сом бөлүнгөн. Курулуш иштери аягына чыгып, пайдаланууга берилди», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ленин көчөсүндөгү жаңы курулган тротуардын ачылышы болду. Тротуардын узундугу 950 метрди түзөт. Буга чейин шаар жетекчилиги инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иш-пландарды мерчемдеген, анын натыйжасында аталган жумуштар аткарылууда.

Мэр М.Тентимишов алдыда шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган иштер аткарыла турганын билдирди.

Мындан сырткары Ж.Бөкөнбаев паркында «Мен сени жакшы көрөм, Кара-Суу» аталышындагы инсталляциянын ачылышы болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE