Пример HTML-страницы

Кара-Суу районундагы ээн бакты көргөн 4 адам ири өлчөмдөгү акчаларын алдатышкан

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку соттун соттук коллегиясы алдамчылык менен айыпталган жарандын иши боюнча келтирилген кассациялык даттануунун негизинде кылмыш иштин материалдарын карап, 2024-жылдын 19-мартында өкүм кабыл алды.

Ырысбек (аты-жөнү өзгөртүлдү, Т.Ы.П.) жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Ырысбек Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндө эч кандай жооптуу кызматта иштебегендигине карабастан, 2020-жылдын 29-июнь күнү айылдашынын ишеничине алдоо жолу менен кирип, ага Беш-Мойнок айылынан үч жер тилкесин алып берем деп, жабырлануучунун автоунаасын үч жер тилкесине баалап алып кеткен. Андан кийин аталган автоунаага Ош шаарындагы нотариустардын биринен ишеним кат жаздырып, өткөрүп жиберген. Андан соң жер тилкелердин документтери бүтпөй жатат деп, 2020-жылдын 29-июнунан 2023-жылдын март айына чейинки аралыкта жалпы 840 миң 717 сом акчасын алып, ушул күнгө чейин автоунаасы менен акчасын кайтарып бербей же жер тилкелерин алып бербей, качып жүргөндүгү аныкталган.

Натыйжада жабырлануучуга жалпысынан ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Мындан тышкары Ырысбек 2019-жылдын 19-декабрь күнү Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл аймагынын Каарман айылынын тургунунун ишеничине кирип, Беш-Мойнок айылына ээрчитип барып, айылдын түштүк тарабындагы ээн бакты көрсөтүп: «Ушул жер жакында бөлүнүп берилет. Мен сага ушул жерден жер алып берем» деп алдап, андан 300 000 сом акчасын алган. Андан кийин, 2021-жылдын 1-ноябрь күнү, жабырлануучуну телефон аркылуу Ош шаарына чакырып, Бишкектен ага бериле турган жер боюнча комиссия келгендигин жана комиссия мүчөлөрүнө чай берип жатышкандыгын айткан. Ошондой эле, жакынкы арада Беш-Мойнок айылынан ага дагы бир жер тилкесин кошуп берерин убада кылып, андан дагы 200 000 сом акчасын алып, ушул күнгө чейин жер тилкесин алып бербей же акчасын кайтарып бербей жүргөн.

Натыйжада жабырлануучуга жалпысынан 500 000 сомдук олуттуу өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Ошондой эле Ырысбек 2019-жылдын 19-декабрь күнү ага бейтааныш болгон, Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагынын Андагул айылынын тургунунун ишеничине алдоо жолу менен кирип, аны менен Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагын кесип өткөн Ош—аэропорт жолундагы «Манас» айлампасынан жолуккан. Андан ары Беш-Мойнок айылына ээрчитип барып, айылдын түштүк тарабындагы ээн бакты көрсөтүп: «Ушул жерлер жакында бөлүнүп берилет. Мен сага ушул жерден жер алып берем» деп алдап, андан 320 000 сом акчасын алып, ушул күнгө чейин жер тилке алып бербей же акчасын кайтарып бербей качып жүргөн.

Натыйжада жабырлануучуга жалпысынан 320 000 сомдук олуттуу өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Мындан тышкары, Ырысбек 2021-жылдын жаз айларында, дагы бир жарандын ишеничине кирип, Беш-Мойнок айылынан 4 жер тилкесин алып берем деп алдап, андан 350 000 сом акча каражатын алган. Ушул күнгө чейин акчасын же жер тилкесин алып бербей, ар кандай шылтоолорду айтып, качып жүргөн.

Натыйжада жабырлануучуга жалпысынан 350 000 сомдук олуттуу өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Ырысбек Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун 2023-жылдын 19-сентябрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза белгиленбестен күнөөлүү деп табылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү, 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып, ага төмөндөгүдөй жаза белгиленген:

— Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык, ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, ири өлчөмдө жасалган жосундар) менен 3 жылга эркиндигинен ажыратылган;

-Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (алдамчылык, олуттуу өлчөмдө) менен 2 жылга эркиндигинен ажыратылган;

— Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (алдамчылык, олуттуу өлчөмдө) менен 2 жылга эркиндигинен ажыратылган.

— Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин негизинде өкүм боюнча белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло, 5 жылга эркиндигинен ажыратылган.

— Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде Ырысбекке 2 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, ал белгиленген жазадан бошотулган.

Андан жабырлануучунун пайдасына 840 717 сом, экинчи жабырлануучунун пайдасына 500 000, үчүнчү жабырлануучунун пайдасына 320 000 сом жана төртүнчү жабырлануучуну пайдасына 350 000 сом өндүрүлүүсү көрсөтүлгөн.

Биринчи жабырлануучуга автоунаасын мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте кайтарып алуу укугу түшүндүрүлгөн.

Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын 2024-жылдын 17-январындагы өкүмү менен Кара-Суу райондук сотунун 2023-жылдын 19-сентябрындагы Ырысбек тууралуу өкүмү өзгөртүлүп, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренеси колдонулуп, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулган бөлүгү, пробациялык көзөмөлдөө жана материалдык зыяндын ордун толуктап милдеттендирүү бөлүгү алынып салынган.

Анын 2023-жылдын 14-майынан 2023-жылдын 14-июнуна чейин камакта кармоонун мөөнөтү камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун эки күнүнө барабар деп, ал эми 2023-жылдын 14-июнунан 2024-жылдын 17-январына чейин үй камакта кармоо мөөнөтүнүн беш күнү эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө барабар деп жаза өтөө мөөнөтүнө кошулуп эсептелинген.

Ырысбектин жаза өтө мөөнөтү 2024-жылдын 17-январынан баштап эсептелинген. Жазасын жалпы тартиптеги абактарында өтөөсү көрсөтүлгөн. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, камакка алынуусу көрсөтүлгөн.

Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган.

Кассациялык даттанууда жактоочу Н.М.К. анын жактоосундагы Ырысбектин жабырлануучунун биринин эпизоду боюнча коюлган айыптоо алдын ала тергөөдө жана соттук териштирүүлөрдө да далилденбегендиктен актап берүүнү, ал эми бир жабырлануучу менен тыныгуу келишимге жетишкенин, жабырлануучунун тосмо арызын эске алып, ишти өндүрүштөн кыскартып берүүнү сураган.

Жактоочу Н.А. каршы пикиринде кассациялык даттануудагы жүйөөлөр соттук кароолордун предмети болуп, алар тийиштүү юридикалык баага ээ болгонун жана даттанууну канааттандырууга негиз жок болгондуктан апелляциялык инстанция сотунун соттук актысын күчүндө калтырып берүүнү сураган.

Жыйынтыгында Жогорку сот Ырысбек тууралуу Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын 2024-жылдын 17-январындагы өкүмүн күчүндө калтырылды.

Жактоочу Н.М.К.нын кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE