Кара-Суу районунда ундун баасы канча сом болууда?

TurmushЭкономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын, Салык кызматынын жана ички иштер башкармалыгынын райондогу кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун базарларындагы сатуучулардын арасында социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-мартта «Карасу Дан-Азык» ААКсы, «Ханипов» ЖИси жана «Мариям Ош» ЖЧКсына 2021-жылдын август айында кол коюлган келишимдин талаптарынын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү.

«Бүгүнкү күндө «Карасу Дан-Азык» ААКсы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан бекер таратылып жаткан унду өндүрүп жатат. Ишканалардын ар биринде 100 тоннадан ашык ундун, 1000-2000 тонна буудайдын запасы бар экендиги аныкталды. 1-сорттогу 1 кап ундун баасы 1650 сомду түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️