Пример HTML-страницы

«Кара-Шоро» паркынан 500дөн ашык адам кайык менен эвакуацияланды. Жолду сел алып кеткен. Сүрөт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushӨзгөн району тараптан «Кара-Шоро» паркына каттаган жолду тынымсыз жааган жамгырдан улам сел алып кетти. Жол 5 күнгө жабылып, ал жакка эс алууга барган тургундар кайык менен эвакуацияланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Ташматовдун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө эс алууга барган 510 адам эвакуацияланды.

22-июнь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында нөшөрлүү жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, кум-шагылдар Жазы дарыясынын нугун бөгөп, дарыядан ашкан суу Мырза-Аке—Кара-Шоро жолунун 47-чакырымында 400 метр аралыгын, 50-чакырымында 500 метр аралыгын жеп кеткен. Сел калдыктарына топтолуп, жол каттамы жабылган. Бул жол менен жайлоого, көмүр кендерге жана «Кара-Шоро» паркына катташат.

Жолдун жогору жагында эс алууга барган жана мал айдап кайткандар өтө албай тургандыгы боюнча 23-июнь күнү саат 07:00 маалымат келип түшкөн. Жерине Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн ыкчам тобу саат 07:57де чыгып, саат 08:30да жетишкен. Селдин кесепеттерин жоюу максатында жеринде Өзгөн райондук жарандык коргоо башчысы — акимдин штабы түзүлүп, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Өзгөн райондук бөлүмү айгай боюнча көтөрүлгөн. Жол кызматынан 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор тартылып, жолдун 50 метр аралыгы калыбына келтирилип, кеч кирип кеткендигине байланыштуу саат 22:30да жумуш убактылуу токтотулган.

ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынан 2 техника 7 куткаруучу, коомдук тартипти сактоо кызматынан, медициналык кызматтан 1 тез жардам автоунаасы жана 3 кызматкер, жол тейлөө кызматынан техникалар жана өздүк курам тартылып, жалпы 142 адам эвакуация кылынган. ӨКМден тартылган экскаватор 24-июнь күнү саат 00:30да жерине жеткен. Жеринде Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу нөөмөттө калышкан.

24-июнь күнү саат 07:00дө Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 23 куткаруучу Мырза-Аке-Кара-Шоро жолуна селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүгө жөнөп кетишкен. 24-июнь күнү саат 21:00 чамасында дагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Мырза-Аке—Кара-Шоро жолунун 47-50-чакырымындагы жолго мурунку түшкөн сел кыяндын үстүнөн дагы болжол менен 10000 метр куб сел-кыян түшкөн. Кайрадан жол салынып, жол каттамын ачуу иш-чаралары жүргөн. Кара-Шоро эс алуу паркына келген болжолдуу 200 адам Жазы дарыясынын аркы жагында калып калган. Аларды эвакуациялоого ӨКМден 1 даана кайык тартылган.

ӨКМден 30 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер, жалпы 2 экскаватор, 3 жүктөгүч унаа, 4 самосвал, 1 тез жардам унаасы 2 кызматкери менен, элди ташууга 5 транспорт тартылды.

Тартылган күч каражаттардын жардамында 5000 метр куб сел калдыктары тазаланып, кеч киргенине байланыштуу убактылуу токтотулган. Мындан сырткары «Кара-Шоро» улуттук паркына эс алууга барып, артка келе албай калган 150 адам үйлөрүнө жеткирилген.

26-июнь күнү иш-чара улантылып, ӨКМден 31 куткаруучу, атайын техникалар жана эл ташуучу транспорт тартылган. Тартылган күч-каражаттардын жардамында 500 метр жол салынып, 500 метр дарыянын нугу бурулуп, 7000 метр куб сел калдыктары тазаланды.

Мындан сырткары «Кара-Шоро» улуттук паркына эс алууга барып, артка келе албай калган 120 адам үйлөрүнө жеткирилген. 22-июндан баштап жалпы 515 адам эвакуацияланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE