Кара-Көлдөгү эң улгайган тургун — 104 жаштагы Мойол Жуманалиева. Анын узак жашоо сырын айтып беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын эң улуу тургуну Мойол Жуманалиеваны Эл аралык карылар күнү менен куттукташты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Мойол Жуманалиева 1920-жылы Токтогул районунун Арал айылында төрөлгөн. Анын эки уулу бар. Улуу баласы Камытбек Чаргынов апасынын оозунан уккандарын айтып берди.

«Апамдын балалыгы согуш жылдарында туш келип, өтө түйшүк тартып, ачарчылыкты башынан өткөргөн экен. Байпак, кол кап токуп, аскерге жөнөтүшкөн. Ошол жылдары бийликке ээ болгон башкармалар боюнча бир окуясын төмөндөгүдөй айтат. Таянем (апамдын апасы) Арал айылынан Өзгөрүш айылына 1 жылда 7 жолу жөө барып, буттары тешилип кеткен экен. Чычкан, Талас өңдүү жерлерге чейин барып, өздөрү үйдөн токуган жоолук, кол кап, байпакты алып, Шамшыкал-Атадан туз көтөрүп алып дан, талкан, арпа, буудайга алмаштырып келчү экен. Беш-Таш жайлоосу менен Таласка ашып, тузду данга алмаштырган күндөрү болгон.

Ошол согуш жылдарында апамдын энеси үй-бүлөсүндөгү 7 бир туугандын балдары жана эмгекке жарамдуу аялдарына баш-көз болуп, «силер тамак жасап тургула, мен дан таап келейин» деп жогорудагыдай Талас, Өзгөрүш, Чычкан өңдүү жерлерге жөө кетчү экен. Бир жолу апам айтат. Тайнем дан издеп, түндө кетип таң атканда келсе, балдары жылаңач «жуурканыбызды үстүбүздөн согушка деп сыйрып алып, 1 чака жарманы да алып кетти» деп уктап жаткан жерлеринен ыйлап отурушкан кездерин айтып берген.

Согуш жылдарынан кийин Моймол апам эже-сиңдилери менен Чычкандын ичиндеги токой чарбада көчөт отургузуп, көп эмгек кылганын айтат. Бирок аларды архивден карап издеген жокпуз. Апамдын бир жеңеси татар болгон экен. Ошолордон жоолук токуганды үйрөнгөн.

Пример HTML-страницы

Турмушка чыккандан соң атам экөө Ноокен районунда малчы болуп эмгектенет. 1962-жылы кайра өз жери Кара-Көл келишип, Кара-Көл жайлоосунда элдин, өздөрүнүн малын карап эмгектенишкен. Апамдын кымызын бир ичкен адам кайра сурап келер эле. Ал убакта кымыз сатуу жок. Чаначтагы кымыздар батпай, жакындарына, элге таратып берчү. Кымызы аябай даамдуу эле. Аны даярдоодо апамдын өзгөчө өзүнө таандык жасаган ыкмасы бар болчу. Жайдын күнү азыр кымыз ачыбай ирип кетип жатат. Апамдын убагында кымыз ачыбады, сүт ирип кетти дегенди билген эмеспиз. Жаздан баштап күзгө чейин кымыз ичип чоңойдук. Кымызын мактап ичип, ыраазычылык айтып кеткендер көп эле. Апам өзү эле азоо бээлердин мойнуна жип салып муунтуп, жатып калганда сүтүн дароо саап алчу.

Боз үйдүн боолорун, тизгичин, тегиргич дегендерин токучу. Өрмөк согуп, аркан жиптерди чыйралтып эшип, өрүп, иштин майын чыгарып, бышык кылып жасачу. Мисалы, эчкинин жүнүн жылкынын жүнү менен аралаштырып эшип-эшип, чыйралтып, бир азда атка чылбыр, боз үйгө боолорду, жасалгаларды, көчкөнгө аркан даярдап койчу. Апамдын өнөрүн аркалагандарыбыз бар. Бирок ошондой сапаттуу жасай албай жатабыз. Кымыз жасоо ыкмасын келиндери, неберелери өздөштүрүп, жасап жатабыз», — деди Камытбек Чаргынов.

Камытбек мырза Моймол апанын узак жашоосунун сыры жана кыз кезинде баштан өткөргөн кызыктуу окуяларына да токтолду.

«Апамдын жаш кезиндеги окуяларынан дагы бир укканым. Чычканда көчөт отургузуп жүрүп, сиңдиси экөө күчүк таап, багып алышат. Аны Кумайык деп аташат. Ал күчүк чоңойгондо акылдуу ит болгон экен. Ал убакта апамдар жашаган Арым айылынын тегерегинде кийик, эликтер тоо-ташта жакын жүрчү экен. Баягы Кумайык кийик, эликтерди өйдөдөн төмөн айдап, ташка келгенде камап туруп, үрүп туруп алса, алар аны караган бойдон тура берчү экен. Анан айылдагы мергенчилер кийиктерди атып алчу дейт. Ыраазычылык иретинде апамдарга 1 же 2 жилик шыралгы деп, эт таштап кетишчү экен. Муну башка аңчылар да угуп, Кумайыкты алыстан чакырып, алып барып кийик, элик айдатып, ташка камап атып, эт бергилери келбегендер жашынып кетишиптир. Ошентип ошол кезде аңчылык менен үй-бүлөсүн баккандар да болгон.

Анан апамдын узак өмүр сүрүшүнүн сырыбы деп ойлойм. Жазында алгы деген өсүмдүк өсүп чыгып, казып алар убактысында казышып, аны ташка сүрүп, сууга чайкап, таза жууп кургатып, ун кылып алышчу экен. Унга азыраак сүт кошуп, кайнатып жарма кылып, айранга кошуп ичишчү экен. Ал эми алгыны таза жууп, кургатып ала албагандар аны ичкенде адамды шишитип, өлүмгө дуушар кылганы айтылат. Анткени алгыны таза, ачуусу кеткиче жууш керек. Кургатып жайып койгондо, даяр тамакты эңсегендер уурдап кеткен учурлар да катталыптыр.

Апамды кымыз менен алгы ушул жашка алып келди деп ойлом. Азыр бээнин сүтүн, саамалын ичиш керек деп айтышат. Ал убакта азыркыдай тамактын түрү жок болчу. Кымызды каалагандай ичишчү. Апам азыр дагы кымызды жакшы ичет. 1 литрди дагы деле ичет. Бирок биз күчтүү деп аз-аздан беребиз», — деди ал.

Моймол Жуманалиеванын келини Айнура Байбекова 1991-жылдан бери кайын энеси менен чогуу жашайт.

«Апамдын оозунан укканыма караганда, 3 айлыгында атасынан ажырап калат. Апасы мээнет менен балдарын чоңойткон. Балалыгы жокчулук мезгилге туура келип, кичинекей кезинен эки эжеси менен чогуу бир жумада бир жоолук токуп коюшкан. Жоолукту апасы Таласка, Өзгөрүшкө жөө алып барып, 1 чөйчөк талканга алмаштырып келгенин айтып калган уккан жайым бар.

Өзү мээнеткеч айым. Совет жылдарында жолдошу менен мал багып эмгектенишкен. Бирок мал бакканы туралуу стажы катталбай, пенсияга стажы боюнча чыкпай калганын айтат. Азыр карылыгы боюнча гана пенсия алат. Өзү колунан баары келген алтын кол айым болгон. Кийиз жасап, өрмөк согуп, шырдак шырып, чий токуган. 2 эркек баласы, 8 небере, 28 чөбөрөсү бар», — деди келини.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️