Кара-Көлдө 17 жаштагы бала мерт болуп, 23 жаштагы жигит жандандыруу бөлүмүнө түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 18-июлда түнү саат 02:30 чамасында Кара-Көл шаарында 2 унаа кагышты. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош жолунун 413-чакырымында оор жүк ташуучу «Мерседес-Бенц Атего» унаасы менен «Вольво FH12» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. «Мерседес-Бенц Атегонун» айдоочусу чукул бурулуштан башкара албай карама-каршы тилкеге чыгып, «Вольво FH12» унаасын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен «Мерседес-Бенц Атегодо» жүргүнчү катары бара жаткан Кара-суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын 2007-жылы туулган тургуну М.А. жаракат алып, Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Ал эми 2001-жылы туулган айдоочусу Х.Ш. (ал дагы Кызыл-Кыштак айылынын тургуну) жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️