Кара-Көлдүн Жазы-Кечүү айылында бала бакча курулуп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылында бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, мекеме 100 балага ылайыкталып курулуп жатат. Эгер бала бакча бүтсө 20 жакын адам иш менен камсыз болот. Азыр иштери аяктоо алдында турат. Учурда эки катар шыбагы шыбалып, полдонуп, кафелдери коюлуп, сырты жылууланып бүткөн.

Шаар боюнча бала бакчага барууга кезекке турган 500 наристе бар.

Курулуш иштерин « Гигант-Строй Компани» ЖЧКсы аткарууда. Компания 2016-жылы 8-августта каттоодон өткөн. Түзүүчүсү жана жетекчиси катары Арстанакун уулу Абдыганы. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️