Кара-Көлдүн 14 жаштагы тургуну борбордо көз жарган. Анын агасы кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын жашы жете элек тургуну көз жарды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 2024-жылдын 19-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы республикалык төрөт үйүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан келген жашы жете элек Н.Т төрөгөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Текшерүү ишинин жүрүшүндө аталган төрөт үйүндө көз жарган Н.Т. өздүгү боюнча Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну, жашы жете элек А.С. экендиги такталган. Ага карата күч колдонулуп, зордукталганы аныкталган.

Бул факты 2024-жылдын 26-сентябрында Кара-Көл ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2009-жылы туулган О.С. өзүнүн көрсөтмөсүндө жасаган кылмышын мойнуна алып, 2010-жылы туулган карындашы А.С.ны эркине каршы күч колдонуп, зордуктаганын көрсөткөн.

Пример HTML-страницы

О.С. шектүү катары 2024-жылдын 28-сентябрында Кара-Көл ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 29-сентябрь күнү Кара-Көл шаардык соту тарабынан анын бөгөт коюу чарасы тандалып, эки айга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️