Кара-Көл шаарында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди 

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 4-октябрда Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара «Энергетик» маданият үйүндө болуп өтүп, ага шаар мэри, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана мугалимдер катышты.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарада ардактуу кесипти аркалаган жана шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө жигердүү салым кошуп жаткан агартуучулар сыйланды.

Кара-Көл шаарында 6 мектеп, 3 мектепке чейинки билим берүү уюму, 1 балдар чыгармачылык борбору бар.

Мектептерде 326 мугалим, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 25 тарбиячы, балдар чыгармачылык борборунда 20 мугалим эмгектенет.

Пример HTML-страницы

Кыргыз Республикасынын өкмөтү 5-октябрды Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү катары бекиткен. Бул тууралуу токтомго 2014-жылы кол коюлган. Эске салсак, буга чейин мугалимдердин жана кесиптик билим берүүнүн кызматкерлеринин күнү октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленчү. Анда мугалимдер майрамы ар кайсы күнгө туш келчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️