Пример HTML-страницы

Кара-кулжалык манасчы бир туугандар сынактарда алдыңкы орундарды багынтат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагындагы Насирдин айылынын тургундары Оомат жана Саринжи Дагыбек уулу «Манас» эпосунан үзүндү айтып келишет. Алар аймактык кабарчы менен болгон маегинде бул өнөрү тууралуу айтып беришти.

Жаш манасчылардын атасы Дагыбек Мамишов мугалим болуп эмгектенсе, апасы Жылдызкан Сарыкова үй кожойкеси. Үй-бүлөдө алты бир тууган, төрт уул жана эки кыз. Азыркы учурда бири 11-класста окуса, бири 6-класста окуйт. Эң улуу эжеси Орозгүл Дагыбек кызы учурда үй-бүлөлүү, дагы бир тууганы студент болсо, дагы бирөө 7-класстын окуучусу.

Саринжи Дагыбек уулу атасынын эртең менен ойготкон ырынан улам «Манас» айтууга кызыгып калган.

«Эс тартып калган учурдан баштап атам экөөбүз чогуу мал карачубуз. Ошол убакта атам мага кенже эпостордун кызыктуу жерлеринен айтып берчү. Анан эң кызыктуусу дайыма эртең менен атам биз жаткан бөлмөгө келип, «Турбайсыңбы Саринжи, душмандар сага камынды. Турбай жатып алат деп, туйгунуң сага таарынды» деген ыр саптарын айтып ойготчу. «Манас» эпосуна болгон кызуугумду атам ойготкон десем жаңылышпайм. Менин балалык кезим атам жумушта болгонуна байланыштуу, мал кароо менен күнүм өттү. Тоолордо мал кайтарып жүргөн учурумда отура калып, бир топко чейин «Манас» айта берчүмүн. Негизи бир күнү талаада мал карап жүрүп, эмнегедир «Манас» айткым келип, өзүм жаттап жүргөн эле «Манастан» үзүндү айтып баштагам. Бир убакта жаныма бир киши келип, «Саринжи, Саринжи» деди. Көрсө мен өзүмдү билбей, «Манас» айтып отура бериптирмин. Азыркы күндө «Манастан» 10-15 мүнөттүк үзүндү жаттасам, кантип бир-эки саат айтып отура бердим деп таң калам», — деди ал.

Ал Насирдин айылына караштуу Кеңеш орто мектебин 2016-жылы аяктап, ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетине тапшырып, ийгиликтүү аяктаган.

«Студент кезимде дагы ар кандай майрамдарга, Нооруз майрамында концерттик программаларга катышып, «Манас» айтып жүрдүм. Биринчи жолу 1-курста окуп жүргөн кезимде Рана Шайымкулова деген мугалим кыргыз тили сабагынан берчү. Тайпадан 23-сентябрь — кыргыз тил майрамына карата атайын иш-чарага «Манас» айткан студенттерди издеп калышты. Анан ордуман туруп, мен айтам деп калдым. Мугалим ошол аудиториядан эле «Манас» айттырып калды. Кийин факультеттин чоң залында айттым. Ошентип «Манас» айтуу талантымды колдоп, жакшы айтат экенсиң деп калышты. Рана эжекем башка бир университеттин мугалимине тааныштырып, кийин ал эжеке аркылуу университеттер аралык сынактарга даядап, алып чыгышты. Жарыштарда көбүнчө эле 1-орунду алып жүрдүм. Бир эле жолу 2-орунду алап калган элем. Ал Ч.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган «Манас» айтуу сынагында болчу. Ал эми 2019-жылы «ОшМУ жазы» сынагында окуу жайдын бардык факультетинен бирден манасчы катышып, арасынан тандалып, 1-орунду алгам. Ошондон кийин республикалык «Манас» айтуу сынагында Нурсултан Абдикерим уулун экөөбүз окуу жайдан тандалып, бул сынакка дагы катышканбыз», — деди ал.

Саринжинин бир тууган иниси Оомат дагы «Манас» айтууга кызыгып, 1-классында майрамда «Манас» айтканын эсине салды.

«Тамга тааныгандан бери кызыгып, окуп жүрдүм. 1-классымда Алиппе майрамында «Манас» айткам. Ар дайым мектептеги иш-чараларда мугалимдер «Манас» айттырчу. 7-класста окуп жүргөн кезде сынак болуп, жеңүүчү болгом. Кийин райондун мектеп окуучулары арасында өткөн «Манас» айтуу сынагына катышып, 1-орунду алып келдим.

Талаага кой кайтарып чыкканда ээн жерде «Манас» айтат элем. «Каныкейдин Тайторуну чабышын» эки саат айтчумун. Ал эми аны 4-класста окуп жүргөндө жаттап алгам. «Манастын» башка үзүндүлөрүн жаттагам. «Манас» айтып жатып, кантип кеч киргенин билбей калчумун.

Келечекте манасчы болгум келет. «Манас» эпосун айтып, аны дүйнөгө таанытуу башкы максатым. Саякбай Каралаевдин «Манасты» баяндап айтканын жакшы көрөм. Ал эми жаш манасчылардан Үмөт Дөөлөтовду жакшы көрөм. Бирок азыр айтпай калды. Ошондой болсо да келечекте Үмөт Дөөлөтов ага менен жолугуп, сүйлөшкүм келет. 3 ай жайкы эс алууда «Манасты» толук окуп чыгам деп пландап жатам. Азыр окуганга убакыт жетпей жатат», — деди Оомат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE