Кара-Кулжадагы жайлоодо 4 адам колго түшкөн. Алардын куржунунан эмне табылганын көрсөтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылындагы Көк-Маңдай жайлоосунан мыйзамсыз кийик аткан төрт жаран кармалды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, тоо текени аткан жарандарды аталган уюмдун «Барс-2» тобунун жана Экотехинспекциянын Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери пландан сырткаркы биргелешкен атайын рейддин алкагында колго түшүрдү.

Мыйзамсыз аңчылыкка шектелген жарандар токтотулуп, текшерүүгө алынган учурда алардын куржунунан бир кийиктин эти жана төрт даана аңчылык куралы чыккан. Натыйжада акт түзүлүп, андан ары териштирүү максатында укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Сентябрь айынын башында Чүй облусундагы «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери менен биргеликте Көк-Ойрок участкасынан мыйзамсыз тоо теке аткан жарандар кармалган. Бул иш боюнча акт түзүлүп, Кемин РИИБге өткөрүлүп берилген.

Быйыл июль айында Кыргызстандагы жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аткандарга салынуучу айып пулдун суммасы жогорулаган. Мисалы, тоо текени уруксатсыз аткандарга мурда 100 миң сом айып пул салынса, азыр 300 миң сомго көтөрүлгөн. Ал эми мамлекеттик жаратылыш парктарында же корук зоналарында мыйзамсыз аткандарга бул акчанын эки эселенген суммасы салынат. Мисалы, «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркында мыйзамсыз тоо теке аткандарга 600 миң сом айып пул салынды.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️