Кара-Кулжадагы тоонун боорунан 9 жаштагы баланын сөөгү табылды

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айыл аймагында жайгашкан Шиштей-Дөң тоосунун боорунан 9 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Буга айылынын 2013-жылы туулган тургуну Ш.М. 16-мартта үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес.

Дайынсыз жоголгон 9 жашар баланы издөө үчүн Кара-Кулжа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 65 адам тартылган. Натыйжада бүгүн, 17-март күнү баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️