Пример HTML-страницы

Кара-Кулжадагы селден каза болгон үй-бүлө акыркы сапарга узатылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 30-июнда Кара-Кулжа районундагы селден каза болгон 4 тургундун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев маркумдардын жакын туугандары менен жолугуп, материалдык колдоо көрсөтүп, ар тараптуу жардам болорун билдирди.

  • Буга чейин Turmush басылмасы 30-июнь күнү саат 22:25 чамасында Кара-Кулжа районунун Жетим-Дѳбѳ айылында сел жүрүп, унаада бара жаткан милиционер жубайы экөө жана 2 баласы каза болуп, 8 жаштагы кызы куткарылганын жазган.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге Кара-Кулжа РИИБдин тергөө тобу барып, текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө Кара-Кулжа районунун 1988-жылы туулган тургуну А.Р. 1990-жылы туулган жубайы Ж. кызы А., уулдары — 2012-жылы туулган Р. уулу Р., 2020-жылы туулган Р. уулу Н. жана 2016-жылы туулган кызы Р. кызы А. менен «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасында бара жатканда сел агызып кеткени такталган.

Жубайлардын аман калган 8 жаштагы кызы Кара-Кулжа райондук ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

  • Маркум А.Р. ИИМдин күзѳт кызматынын кызматкери болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE