Пример HTML-страницы

Кара-Кулжадагы коруктан 3 кийиктин башын жана терисин табышты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында тоо эчкиге мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы аныкталды.

Маалым болгондой, аталган коруктун Каңгырама участкасында атылган үч кийиктин (2 теке, 1 эчки) башы жана алардын терилери табылды. Бирок окуя болжолдуу бир айдын аралыгында катталгандыктан далилдүү материалдар табылган жерден шектүү браконьер кармалган эмес.

Бул факт NABU-Кыргызстан уюмунун түштүк бөлүмүнүн «Барс-2» тобунун кызматкерлери тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзгөн атайын рейддин алкагында аныкталды. Анткени тоо эчкилерине мыйзамсыз аңчылык кылган фактылар катталып жатканын жергиликтүү активисттер билдирген. Анын алкагында, Араван жана Кара-Кулжа райондорунун егерлери жана аңчы адистери менен биргеликте пландан сырткары рейд жүргүзүлгөн.

Аталган факт боюнча акт түзүлүп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Бул материалдар атайын экспертизага тапшырылды.

Буга чейин Кара-Суу районундагы Папан, Ата-Мерек, Кыркол, Кожокелең, Жиптик жайлоолоруна жана Ноокат районунун Бел-Өрүк аймактарына райондук аңчы адистер менен биргеликте рейд жүргүзүлгөн. Анын алкагында мыйзамсыз аңчылык кылуу фактлары катталган эмес. Бирок жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE