Пример HTML-страницы

Кара-Кулжада селден кийин жабылган жол эки тараптуу ачылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунда селден кийин жабылып калган жол эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылында сел жүрүп, анын кесепетинен жол тосулган.

Бүгүн, 2-июлда эртең менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев сел болгон жерде кырсыктын кесепеттерин жоюуга тартылган кызматтардын ишин координациялап, жашоочулар айткан маалыматтарды жеринде талкуулады. Тиешелүү жетекчилерге тапшырма берилди.

Учурда жол эки тарапка ачык, кеңейтүү иштери жүрүүдө.

———————————————

  • Буга чейин Turmush басылмасы 30-июнь күнү саат 22:25 чамасында Кара-Кулжа районунун Жетим-Дѳбѳ айылында сел жүрүп, унаада бара жаткан милиционер жубайы экөө жана 2 баласы каза болуп, 8 жаштагы кызы куткарылганын жазган.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге Кара-Кулжа РИИБдин тергөө тобу барып, текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө Кара-Кулжа районунун 1988-жылы туулган тургуну А.Р. 1990-жылы туулган жубайы Ж. кызы А., уулдары — 2012-жылы туулган Р. уулу Р., 2020-жылы туулган Р. уулу Н. жана 2016-жылы туулган кызы Р. кызы А. менен «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасында бара жатканда сел агызып кеткени такталган.

Жубайлардын аман калган 8 жаштагы кызы Кара-Кулжа райондук ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Маркумдар жерге берилди.

  • Маркум А.Р. ИИМдин күзѳт кызматынын кызматкери болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE