Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында сел жүрдү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 25-июль күнү саат 17:35 чамасында жааган жаандын кесепетинен Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, сел 3 көпүрөнү жараксыз абалга келтирип, 1 үйдүн короосун каптаган. Ылай-Талаа—Сары-Булак—Гүлчө унаа жолунун 21-22-чакырымдар аралыгында (Мазар-Дөбө тилкеси) ылай аралаш сел жүрүп, жол каттамы үзгүлтүккө учураган. Ал жерге куткаруучулар жана техникалар тартылып, жол толук тазаланып, эки тараптуу ачылган.

Кызыл-Булак айылында ички чарбалык жолдун 1 чакырым аралыгы тазаланып, кеч киргендигине байланыштуу иш убактылуу токтотулган. Тазалоо иштери бүүн, 26-июль күнү да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️