Пример HTML-страницы

Кара-Кулжа районунда архивдик документтерди сактоодогу кемчиликтер айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезиденттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кара-Кулжа районуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар мекеме-ишканаларга барды.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кзыматынын маалыматына караганда, Эльчибек Жантаев тигүү цехинде болду. Президенттин өкүлү жумушчулардын жана ишкердин талаптарын угуп, район башчысына мыйзамда каралган бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, ишкананы кеңейтүүгө жана тиешелүү долбоорун даярдоого түздөн-түз көмөк көрсөтүү зарылдыгын билдирди.

Андан ары облус жетекчиси Кулун ата атыгандагы мамлекеттик жаратылыш корук музейинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул музей туризмде жана жаратылышты коргоодо маанилүү роль ойнойт. Ал аймактын жаратылыш мурастарын жана туристтик потенциалын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Президенттин өкүлү калкты тейлөө борборлорунда да болду. Ал жерде кезекте турган жарандардын суроо-талаптарын угуп, документтерди берүүнүн тартиби, тейлөө сапаты жана Кыргызстан өзү басып чыгарган паспорттор менен таанышты.

Эльчибек Жантаев архивдик документтерди сактоодогу кемчиликтерди жоюу зарылдыгын белгилеп, элди тейлөө борборлордун ишин жакшыртуу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE