Пример HTML-страницы

Кара-Кулжа районунда ардагерлердин ден соолуктары текшерилди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 31-май күнү Ош ОИИБдин жетекчилиги жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Кара-Кулжа районунда ардагерлер менен жолугушту.

Маалым болгондой, кыргыз милициясынын 100 жылдыгын утурлай башкармалыктын жетекчилиги ардагерлер кеңеши менен биргеликте бир топ иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдеген. Анын алкагында 31-май күнү башкармалыктын башчысынын орун басары Ашырбек Ахунов жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсан Камчиев Кара-Кулжа районунда ардагерлер менен жолугушту.

Ош облусу жана Ош шаары боюнча медицина кызматкерлери ардагерлердин ден соолугун текшерип, профилактикалык кароодон өткөрүштү. Аларга адистерден керектүү кеңештер айтылды.

Ардагерлер мындай демилге үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE