Кара-Кечеде көмүрдүн 1 тоннасы дагы 520 сомго кымбаттады

Акыркы жанылыктар

TurmushЭкономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү бул жылы көмүрдүн тоннасына дагы 520 сом кошуп бекитти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылы көмүрдүн 1 тоннасы 1330 сомдон болуп келсе, 2022-жылы 120 сом кошулуп, 1450 сомдон сатылган. 2023-жылы тоннасына 290 сом кошулуп, 1740 сомго көтөрүлсө, бул жылы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 520 сом кошуп 2260 сомдон бекитти.

Учурда өлкө боюнча туруктуу көмүр казган 40тан ашуун компания бар. Алардын ичинен 17 компания Жумгал районундагы Кабак бассейнинде жайгашкан.

Бул жылы Нарын облусунун аймагындагы бюджеттик мекемелерге 30 миң тоннага жакын көмүр керектеле турган болсо, калкка керектелүүчү көмүр отуну 100 миң тоннадан ашат. Ал эми Жумгал районундагы калкка 30 миң тонна, бюджеттик мекемелерге 1325 тонна көмүр отуну керектелери белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️