Кара-Көлдөгү мектептин имараты 40 жылга жакын убакыттан кийин курулуп бүттү. Курулушка 135,6 млн сом сарпталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Дүйшөнкул Шопоков атындагы мектептин жаңы корпусу курулду. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, экинчи корпустун ачылышы быйыл күзүндө болору күтүлүп жатат. Имараттын курулушу 2022-жылы август айында башталган. Курулушка 135 млн сомдон ашык каражат жумшалып, куруу иштерин «Рамзан Компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому колго алды.

Дүйшөнкул Шопоков атындагы мектеп 1983-1984-жылдары курулуп, 624 орунга ылайыкташтырылган. Эки корпусу бар. Биринчи корпусу 1985-жылы пайдаланууга берилген. Ал эми 3 кабаттан турган 2-корпусунун дубалы 1985-жылы кыштан тургузулуп, спорт залдын темир каркастары коюлган. Ашкананын дубалы кирпич менен тургузулган бойдон бүтпөй туруп калган. Экинчи корпустун курулушу 2022-жылы жанданып, курулуш аяктап, эмеректер менен жабдылды. Ашкана, жыйындар залы, спорт залдын курулушу аяктады. Бирок сырткы курулуш иштери бүтө элек.

——————————————————

Курулуштун буюртмачысы: Министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы.

Пример HTML-страницы

170 млн 410 миң 664 сомго тендер жарыяланган. Тендерге эки компания катышкан.

Алар:

— «Рамзан Компаниясы» ЖЧКсы 135 млн 687 миң 157 сом сунуштаган;

— «АДИС СТРОЙ» долбоорлоо-курулуш бирикмеси» ЖЧКсы 163 млн 726 миң 179 сом сунуштаган.

«Рамзан Компаниясы» ЖЧКсы жеңүүчү болгон.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Рамзан Компаниясы» ЖЧКсынын түзүүчүсү жана жетекчиси — Гапаров Абдилвосид Арстанкулович. Компания 2018-жылы 2-августтан каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

«АДИС СТРОЙ» долбоорлоо-курулуш бирикмеси» ЖЧКсынын жетекчиси катары Азизов Ибраим, түзүүчүсү катары Кудайназаров Мирлан Исманалиевич көрсөтүлгөн. Компания 2017-жылы 16-февралда каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️