Кара-Көлдөгү көчөгө асфальт төшөлдү. Президент жолдорду оңдоого 31 млн сомдон ашык каражат бөлгөн

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Чаргынов көчөсүнө асфальт төшөлүп, Ленин көчөсүндө арык (лоток) курулду.

Маалым болгондой, каржылоо Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан болду. Оңдоодон өткөрүлгөн Чаргынов көчөсү пайдаланууга берилди. Аталган көчөнүн узундугу 500 метр, кеңдиги 6 метрди түзөт.

Turmush 2023-жылдын февраль айында Кара-Көл шаарындагы ички көчөлөргө асфальт төшөөгө президенттин фондунан 31 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн жазган.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү тескемеге 2023-жылдын 1-августунда кол койгон. Кара-Көл шаарындагы жолдордо курулуш иштерин жүргүзүү үчүн президенттин фондунан Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 31 млн 144 миң 884 сом бөлүнгөн.

Кара-Көл шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, жол оңдоо 2-августта башталган. Асфальт төшөө иштерине долбоордук-сметалык документтер 2016-жылдын 1-январындагы базистик баа менен эсептелинип, жалпы сметалык баасы 31 млн 144 миң 884 сомду түзөт.

Пример HTML-страницы

Жол оңдоо иштери «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №30 жол тейлөө мекемеси тарабынан жүргүзүлүүдө.

——————————————————————

Кара-Көл — гидрокуруучулардын жана энергетиктердин шаары. Шаар 1962-жылы 16-июнда кыштак катары түзүлгөн. Кыргыз ССРнин Жогорку советинин президиумунун 1977-жылдын 7-январындагы жарлыгы менен облуска баш ийген шаар болуп кайра түзүлгөн.

Шаардын аймагында Токтогул ГЭС каскады, «Достук заводу» ачык акционердик коому сыяктуу ири ишканалар жайгашкан. Ошондой эле университет, техникум, оорукана, мектептер, кафелер, дарыканалар жана башкалар бар.

Акыркы эл каттоо боюнча, Кара-Көл шаарында 27 миң 257 адам, анын ичинде шаарга караган Кетмен-Төбө айылында 2 миң 238 адам жана Жазы-Кечүү айылында 1 миң 971 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️