Кара-Көлдөгү ишемби күнкү базарга өзбекстандык соодагерлер да келип жатат. Бүгүн унаа тыгыны жаралды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жуманын ишемби күндөрү базар уюштурулат. Бүгүн, 13-июлдагы ишемби базарында унаалардын тыгыны байкалды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бүгүнкү базарга эл көп келип, унаа тыгыны жаралды.

Сатуучулар Өзбекстандан бери келип, чоподон жасалган табактын 1 даанасын 700 сом (чоңу) жана 600 сомдон (кичинекейи) сатышты. Бул базарга жылдан жылга ар кайы аймактан келген соодагерлер көбөйүп жатат.

Базардагы жашылчалардын баасы:

— пияз 20 сом;

Пример HTML-страницы

— бадыраң 40 сом;

— сабиз 30 сом;

— картошка 30 сом;

— помидор 25 сом.

Ал эми дарбыздын 1 киллограммы 15-18-20 сомго сатылып жатат. Дарбыздар Наманган, Шамалды-Сай, Токтогулдан алынып келген. Кара-Көл шаарынын тургундары Токтогулдун Көтөрмө айылынын дарбызын баалашат. Бул ирет аталган дарбыздын 1 килограммы 20 сомдон сатылууда. Ал эми Шамалды-Сайдан келген дыйкандар коондун 1 килограммын 50-55 сомдон сатып жатат.

Кымыздын 1 литри 200 сомго бааланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️