Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө «Золотая жизнь» суусундугун сатыктан алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы соода түйүндөрүндө «Золотая жизнь» аталышындагы газдалган анар суусундугун сатыктан алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган суусундукта «азорубин Е 122» боёгу бар, ал Афганистанда өндүрүлөт.

Соодагерлердин айтымында, Кара-Көл шаарында «Золотая жизнь» суусундугу 40-50 сомдон, айрым жерлерде андан жогору баада сатылып жаткан.

——————————————————-

Буга чейин Turmush Ош шаарындагы соода түйүндөрүндө «Золотая жизнь» аталышындагы газдалган анар суусундугу сатуудан алынып жатканын жазган.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматына караганда, аталган иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинин тиешелүү буйругунун негизинде калктын, айрыкча балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө.

«Анткени лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Афганистандан чыгарылган аталган суусундук балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген «азорубин Е 122» боёгун камтыйт деп табылган», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE