Кара-Көлдө унааларды тинтип, акча издешкен. Милиция 22 жаштагы жигитти кармады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында белгисиз адамдар 15ге жакын унааны тинтип, ичинен ачка издешкен. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, окуя 2024-жылдын 10-июлунда болгон. Белгисиз адамдар Буржуй кичи районунан тартып Пойма кичи районуна чейин көп кабаттуу үйлөрдүн алдында токтоп турган айрым автоунааларды тинтиген. Андан кийин Акынай көчөсүнө чейин барып, ал жердеги унаанын эшигин ачууга аракет жасашканда белги берүүчү жабдык (сигнализация) иштеп, тинтий албай калышкан.

Айрым маалыматтарга караганда, бир унаадан 20 миң сом, дагы биринен 1000 сомдой акча жоголгон.

Буга чейин Turmush Кара-Көл шаарында белгисиз адамдар 5 автоунаанын эшиктерин ачып, ичин карап, аңтарып кетишкенин жазган.

Пример HTML-страницы

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалынын басма сөз кызматы тастыктаган маалымат боюнча, 10-11-июль күндөрү Кара-Көл шаарынын 5 тургуну, Токтогул районунун 1 тургуну милицияга арыз менен кайрылышкан. Алар өздөрүнө таандык болгон автоунааларына ууру кирип, акча жана башка баалуу каражаттарын алып кеткендигин айтышкан.

Бул факты Кара-Көл ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Аталган кылмыш иши боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Сузак районунун 2002-жылы туулган тургуну О.К. Токтогул районунун аймагынан кармалды.

Бул факты Токтогул РИИБдин тергөө кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү жаран буга чейин Токтогул районунун аймагында 9 уурулук фактысын жасагандыгы аныкталган.

Ал Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️