Кара-Көлдө нөшөрлөп жааган жаандан көчөлөр көлчүккө толуп, бак кулады

TurmushКара-Көл шаарында бир нече күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгырдан улам шаар ичиндеги көчөлөр көлчүккө толуп, эскилиги жеткен дарактар кулап, тоолуу аймактарда таштар көчүп жатат. Бул туралуу аймактык кабарчы күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, 18-мартта шаардын борборун кесип өткөн Ленин көчөсүнүн «Энергетик» сейил багындагы тилкесинде дарак кулап, жолду тосуп калган.

«Кудай өзү сактады. Эң жакшысы, эч ким жабыр тарткан жок. Тиешелүү кызматтар шаардагы бак-дарактарга көз салып, жолдо бараткан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерип коюшу керек экен», — деди алар.

Ал эми шаардын жетинчи аянтчасына баруучу тротуарга чоң таш кулап, жолду тосуп калган.

Ошондой эле, шаар ичиндеги көчөлөр жаан жаагандан бери көлчүккө толуп, тургундарга ыңгайсыздык жаратып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️