Кара-Көлдө карыяларга белек берилип, сый көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага шаар мэри катышып, шаардын кадырлуу карыларын сыйлады.

Анда 50 жыл чогуу жашаган «Үлгүлүү үй-бүлө» статусун алган 10 үй-бүлөгө 1000 сомдон акчалай сыйлык жана ыраазычылык кат тапшырылды. 75 жаштан жогорку «Баатыр энелер» жана «Ардактуу атуулу» наамын алган карыялар да катышты. Жалпы 134 карыянын ар бирине 500 сомдон акча каражаты берилди.

Ошондой эле 104 жашка толгон Моймол Жуманалиева ападан шаар башчысы кабар алып, акчалай сыйлык жана белек тапшырды.

Кара-Көл шаарында пенсия курагындагы 3 миң 342 жаран бар.

Пример HTML-страницы

1-октябрь — Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

Карылар күнүн белгилөөнүн максаты – дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️