Кара-Көлдө ардагерлерге жана курман болгондордун жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Баткен коогалаңында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, митинг-реквиемге мэр Нуртилек Орозбаев, Баткен окуясынын ардагерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, курман болгон жоокерлердин жакындары катышты. Иш-чара Жеңиш гүл багында уюштурулуп, алгач жоокерлердин элесине арналган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, каза болгон жоокерлерге багышталып куран окулду.

Шаарда Баткен окуясынын 18 ардагери бар. Анын ичинен 14 ардагерге жергиликтүү бюджеттен 3000 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү. Ал эми курман болгон 2 жоокердин жакындарына 4500 сомдон материалдык жардам берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️