Кара-Көлдө 30 үй-бүлөгө бизнес баштоого 100 миң сомдон берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 30 тургунга 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. . Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, тапшыруу аземи кечээ, 15-ноябрь күнү шаардык мэриянын кичи залында болуп өттү. Ага калаа башчысы Нуртилек Орозбаев катышты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Кара-Көл шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришкендей, 100 миң сомдук сертификаттар 2022-жылдан бери аз камсыз болгон жарандарды колдоо максатында берилип келет.

Бүгүнкү күндө социадык контракттан жардам алган 95 жаран бар. Алар социалдык жардамды мал чарба, бал чарба, соода-сатык, тигүүчүлүк, такси кызматы, жүк ташуучу унаа, сулуулук салону өңдүү багыттарга жумшап, чакан ишкердик менен элге кызмат көрсөтүп, үй-бүлөсүн багып, жакырчылыктан чыгып келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️