Кара-көлдүк тургун багып алган уулу тууралуу соцтармакка тараган маалыматтарга жооп берди. Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында асыранып алынган 7 жаштагы бала тууралуу социалдык тармакка тараган видео боюнча түшүндүрмө беришти.

Буга чейин социалдык тармакка Ж.Лира аттуу аял камкордукка алган 7 жаштагы бала мектепке барбай, сабалып, ар кандай жумуштарды жасап жатканы тууралуу маалымат тараган.

Кара-Көл шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Turmush басылмасына билдиргендей, 2024-жылы 12-февраль күнү Кетмен-Төбө айыл аймагынын 1998-жылы туулган тургуну З.А. 2017-жылы туулган И.У. аттуу баласын багуудан нотариус аркылуу баш тарткан. Башкармалыкта бала асырап алууга талапкер катары катталган Ж.Л. балага убактылуу камкорчу болууга, андан соң асырап алууга даяр экенин билдирип, тийиштүү документтерин тапшырган.

«Бала башкармалыктын үй-бүлө, баланы коргооо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тыкыр көзөмөлдө болгон. Ж.Л. Токтогул ГЭСне караштуу Токтогул суу сактагычындагы бакка убактылуу эки айга, тактап айтканда август-сентябрь айларына келишим менен ишке орношкон.

Аталган маалымат жарыяланары менен үй-бүлө баланы коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан текшерилип, баланын акыбалы жакшы, денесинде эч кандай ур-токмоктун белгилери жок экени аныкталып, териштирүү иштерин жыйынтыктоого чейин бала убактылуу фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылган.

Пример HTML-страницы

Бала сабалып жатканын айткан Н. аттуу айым менен байланышканыбызда ал багып жаткан апасы урганын көргөн эмес экенин, ошол жерде иштеген жубайлар айтышканын жана ал көпкө чейин социалдык тармакка жазсамбы деп ойлонуп, анан жазып койгонун айтып, учурда өкүнүп жатканын билдирди. Ал баланы урат деп айткан жубайлар менен сүйлөшүп, тактаганда алар баланы багып жаткан апасы урганын көрбөгөнүн, бирок бала аябай тынчы жок, ошол себептен баккан апасы тыкыр көзөмөлдөп, тилдеп турарын айтышкан.

Соцтармакка жарыяланган сүрөттө бала чака көтөрүп турат. Анда апасы жанында болгон. Л.Ж. апасына жардам берген бала деп сүрөткө мактап тарып алышканын айтты. Ал «балам ар дайым менин жанымда, шыпыргымды, чакамды көтөрүүгө жардам берет. Бирок мен ага иш жасатпайм» деп билдирди.

2024-жылдын 16-сентябрында Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев Ж.Л. жана камкорчу баласы У.И. менен жолугушуп, кабыл алган. Ошондо багып алган эне менен баланын мамилеси жакын экенин жана бала бакма апасына көнүп калганы байкалган.

16-сентябрда мэриянын алдында түзүлгөн балдар иштери боюнча комиссиянын отуруму болуп өтүп, ага соцтармакка кайрылуу жасаган Н. айым чакырылып, маселе каралды. Н. баланы урганын көргөн эмес. Токтогул ГЭСне караштуу бакта иштеген жубайлардан укканын айткан. Натыйжада балдар комиссиясы ишти короону 18-сентябрга жылдырып караган. Мында Токтогул ГЭСне караштуу бакта иштеген жубайлар келип, көрсөтмө беришкен. Жыйынтыгында социалдык тармакка жазылган маалыматтар чындыкка дал келбегени далилденди. Ал эми туура эмес, жалган маалымат тараткан Н.га укуктук баа берилери айтылды.

Комиссиянын отурумунун жыйынтыгы менен бала багып жаткан апасына бериле турган болду. Эртең апасына өткөрүлүп берилип, ал №1 мектепте 1-класска барат», — деп айтылат маалыматта.

  • Кара-Көл шаарында 2 фостердик үй-бүлө бар. Эки үй-бүлө тең окуудан өтүп, сертификаты бар.

Ал эми Ж.Лиранын айтымында, 7 жаштагы баланы 6 айдан берип багып жатат.

«Учурда ишке байланыштуу мектепке киргизе албай жатам. Өзүм деле ойлоп жатам, бир ай иштесем, 1-октябрдан баштап мектепке киргизем. Кийим-кече, сумкаларына чейин алып келип койгом. Баланын учурдагы абалы жакшы, курсагы ток, кийими бүтүн, бир маал сууга түшүп келет, ден соолугу жакшы. Интернетке баланы уруп жатат деп туура эмес маалыматтарды бериптир. Баланы урбайм, Кудай жолундагы адаммын, 5 маал намаз окуйм. Бала психикалык жактан ооруйт, Жалга [Бишкек шаарынданы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору] чейин алып барып, көрсөттүм. Алар баланы 3 жыл дарылоо керектигин, айыга турган оору экенин айтышкан. Баланы урам-согом деп багып алган эмесмин. Жалгыз кызыма караан, бир тууган болсун деп баккам. Баланы жумшабайм, иштетпейм дагы. Бала экен, «апа мен жардам берем» деп шыпыргымды, челегимди көтөрүп алышы мүмкүн. Бирок оор иш кылдырбайм. Бетиндеги кара-тораласы, эртең менен ишке чыгып кетип келсем, йодду бетине куюп алыптыр. Жуунттум, бирок кетпей койду», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️