Кара-көлдүк Баястан Түштүк Кореяда 4 жылдыздуу мейманканада жашап, акысыз билим алып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын 16 жаштагы тургуну Баястан Сталбеков учурда Түштүк Кореянын Кванджу шаарында билим алып жатат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Баястан Сталбеков балалык чагы жана кантип Түштүк Кореядагы университетке тапшырып калганын айтып берди.

«Кичинекей кезимден билим алууга умтулчумун. 6-класста математика сабагынан олимпиадада республикалык деңгээлге чейин барып, алдыңкы 10 окуучунун катарына киргем. 2019-жылы 50 пайыздык жеңилдетүү менен Курманбек баатыр атындагы түрк лицейине өттүм. 2023-жылы аталган лицейди бүтүрдүм. Кичинекей чагыман баштап эле алдыңкы окуу жайга тапшырсам деп кыялданчумун. Ал үчүн 11-класстан тарта каттуу даярдык көрө баштадым.

Өзүбүздүн өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө, «Алтын тамга» сертификатына тапшыруу сыяктуу сынактар көбөйүп, уктабай калган күндөр болду. Лицейди бүткөн жылы тынымсыз окудум. Кудайга шүгүр, жалпы республикалык тестирлөөдөн эмгегим акталды. 231 упай алып, «алтын сертификаттын» ээси болдум.

Чет жердеги университтерге тапшырууда акыркы жылы экзамендер оор болуп, уктабаган түндөр да болду. Көп мамлекеттерге эссе жазып, экзамендерди тапшырып жаттым. Гонконг, Түштүк Корея, Финляндия, АКШ, Испания өңдүү өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларына тапшыргам. Башында Американын жогорку окуу жайларына тапшырып өтүп кеттим. Бирок тандоом Түштүк Корея мамлекети болду. Кореянын Кванджу шаарындагы GIST (Gwangju Institute of Science & Technology) университетинин компьютердик инженерия жана жасалма интеллект факультетине бюджетке өтүп кеттим. Бул университетте тамак ашыңды, учактын билетин, кыскасы бардык чыгымдарды төлөп берет экен, ошол үчүн да тандадым», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Баястан Кореяга баргандагы алгачкы эмоциялары жана корей элинин кулк-мүнөзүнө токтолду.

«Кореяга алгач учуп келгенде аябай сүйүндүм. Инчхон аэропортуна конуп, учактан түшкөндө абанын нымдуулугу жогору жана күн ысык экени сезилди. Учактан чыкканда дем алуум кыйын болду. Азыр көнүп калдым. Негизи жайында нымдуулук басымдуулук кылат. Азыр баары жакшы.

Корей эли эч кимге зыяны жок улут. Уурулук деген факты бул өлкөдө катталбайт. Мисалы, сыртта жүрүп, капчыгыңды жоготуп алсаң, ага эч ким тийбейт. Анткени тарбиясы ушундай. Менин велосипедим сыртта эле турат. Аны кулпулап же бир жерге киргизип койбойм. Жөн эле койгон жерде тура берет», -деди ал.

Анын айтымында, корейлер жаштайынан көп окуп, эртеден кечке мектепте билим алышат.

«Бул жакта билим деңгээли мыкты, ошого жараша билим алуу өтө кыйын. Биздин Кыргызстанда 1 жыл окуган материалдарды бул жакта 1 ай же 3 жумада окуп бүтөсүң. Окуусу бүткөн соң ар кандай курстарга барып, билимин бышыкташат. Биз корейлер менен жарышып, атаандашып окуйбуз. Тайпада үчөө болсо, үчөө тең 5 ала алышпайт. Бири 5, экинчиси 4, үчүнчүсү 3 алат. Ошондуктан билим алууда бири-бири менен жарышуу, атандаштык күч десем жаңылышпайм.

Чет жерден келип билим алган студенттерге кадимки өздөрүндөй эле мамиле жасашат. Улутка же рассага бөлүнүү деген жок. Болгону бул жакка келгенде корей тилин жакшы үйрөнүү керек. Анткени алар англис тилин биздей эле деңгээлде билишет. Мисалы, бизде англис тилин бардыгы эле сүйлөй беришпейт. Учурда мен корейче үйрөнүп жатам», — деди ал.

Каарманыбыз билимдин аркасы менен көп нерсеге жетсе боло турганын белгиледи.

«Кореядан окуумду аяктап, Америкадан магистратураны окусам деген планым бар. Андан соң Кыргызстанга барып, өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салым кошкум келет. Биздин кыргыз жаштарынын көпчүлүгү окууга көп маани беришпейт. Бирок чоң-чоң ийгиликтер билимдин арты менен келет.

Мен жашап жаткан жатакананы (Кореядагы) 4 жылдыздуу мейманкана деп койсо болот. Бүт шарттар түзүлгөн. Бардык чыгымымды төлөп беришет. Менин университетимдин кампусу өзүнчө бир шаарч. Ичинде баары бар. Шаардын жакшы жеринде жайгашкан жана мүмкүнчүлүктөрү көп. Ошон үчүн өсүп келе жаткан биздин кыргыз өспүрүмдөрүнө талыкпай билим алып, ийгиликке жеткиле, окууну сүйгүлө деп айтар элем.

Кыргыздар АКШга барууда Мексика аркылуу көп кыйынчылыктар менен киришет. Айрымдары жолдо сууга чөгүп каза болгондор да бар. Минтип кыйналбай билимдин арты менен эле АКШга же өзүңөр каалаган өлкөгө виза аркылуу жетип алса болот. Ал жакка мыйзамсыз барууну тандабагыла», — деди ал.

Баястан 1-класстан 4-класска чейин Токтогул атындагы №1 мектепте, 5-6-классты Фрунзе атындагы №3 мектепте, 7-11-класска чейин Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы түрк лицейинде окуган. Ал 4 бир тууган. Атасы инженер, апасы дарыгер болуп иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️