Пример HTML-страницы

Кара-көлдүк А.Бердимуратова ызаланып, алгачкы ыры жазылган баракты тытып салган

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 45 жаштагы тургуну Айжамал Бердимуратова мугалимдер династиясынын экинчи муундагы урпагы. Ал билим берүү тармагында эмгектенүү менен бирге ыр жазат. Turmush басылмасынын кабарчысы мугалим менен маек курду.

А.Бердимуратова 1977-жылы Токтогул районуна караштуу Жетиген айылында жарыкка келген. Өзүнүн айтымында, чоң энесинин оюнан чыгарган жомокторунан таасирленип, 7 жашынан ыр дүйнөсүнө баш баккан. Учурда Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүндө балдарга билим берет. Эки кыздын энеси. Ыр жана проза түрүндө чыгармаларды жазуу менен алектенет.

2018-жылы Түркияда иштеп келгенден кийин ал өлкөдөн таасир алып, «Нурга жуунган шүүдүрүм» аттуу китеби жарык көргөн. Анын айтымында, алардан кийинки муунда дагы мугалимдер басымдуулук кылат.

«Ыр жазуу менин сырдуу дүйнөм, эс алуучу аралым. Бардык көйгөйлөрдөн, өксүү-сагынычтардан качып, эс алуучу жайым. Жети жашымдан ыр жазып баштагам. Эсимде, биз ойноочу дөңсөө бар эле. Бала кезимде ошол дөңсөөдөн байчечекей терип ойноп, мандалак терип жечү элек. Ошол дөңсөөдө жүрсөм байчечекей жөнүндө өзүнөн өзү ыр саптары оюма келе түштү. Анан дароо баракка чиймелеп, чөнтөгүмө салып койдум. Аны кир жууганда эжем таап алыптыр. Тегерек столубуз бар эле, тегеренип чай ичип олтурсак эжем ордунан туруп, баягы ырымды окуп баштаганда эмнегедир бала кыял сезимдерим менен ызаланып, колунан ыр жазган баракты жулган бойдон эшикке чуркап кеттим. Чыгып алып ыйлап жатып, тытып салдым. Кийин бир туугандарым «Айжамалдын үч-төрт жашындагы ыры» деп «Кара эшегим көк ала сууда жүрөт булкунуп» деп чычалатып ырдап, айтып калышат эле», — деди ал.

Айжамал Бердимуратовага ыр жазуу таланты чоң энесинен өткөн.

«Чоң энем ыр жазууга себепкер болду деп ойлойм. Анткени ал жамактатып ыр айткан жан эле. Бирөөгө ачуусу келсе же ичи жылып мактаса деле жамактап айтып калчу. Сиңдим экөөбүзгө «кошок үйрөнгүлө, мен өлгөндө кошосуңар» деп эле кыйнай берчү, жарыктык. Атам да, апам да тилчи мугалимдер эле. Алар да талант ээлери болгон десем жаңылышпайм, Ыр жазышчу, бирок энегедир китеп кылып чыгарып, өнөр артынан түшпөгөн экен. Же көп балалуу болуп түйшүктөн колдору бошобогонбу…», — деди ал.

Анын ырларынын басымдуусу мекен, сүйүү темасында. Учурда 300дөн ашык ыры бар. Алардан жүздөйү гана китебине киргизилип, былтыр «Нурга жуунган шүүдүрүм» туңгуч китеби басылган. Өнөрүнүн арты менне бир нече сыйлыкка ээ болгон.

Айжамал айым кызыктуу окуялары туралуу да бөлүштү.

«Эң эле күлкүлүү деп 5 жашымдагы окуяны айта алам. Менден эки жаш улуу эжем күндө мектепке кетет. А мен болсо ал кетери менен «мен да мектепке барам, окуйм» деп чыр салам. Анан апамдар мектепке кетишкенде эжелериме ээ бербей, үйдөгү эски бир сумкага эжемдердин килейген химия, физика, тарых китептерин салып алып, мектепке жөнөйм, көтөрө албай көмөлөнүп жыгылам. Мурдум канаган да күндөр болду. Эжемдер эптеп алдап алып келип коюшат. Анан бир күнү ыраматылык чоң эжем «бул болбойт экен» деп мени ээрчитип, мектепке алып барды. Кирип бар жатып эле үйдөгүдөй тапичкемди тепкичке чечип кирип кеттим. Эжем байкабады. Анан биринчи класста окуган эжемдин классына алып кирип, мугалимине тапшырып, «тажаганда үйгө жөнөтүп жибериңизчи, бат эле тажайттыр» деп калтырып кетти. Мугалим бутумду байкап калган экен, «апей, жнеге жалаң аяксың ыя?» деп күлүп ийди. Жөн туралбаган жаным «бутту үйгө киргенде чечип кирет да, эмнеге бутуңар менен жүрөсүңөр?» деп жооп кайтарсам, класстагылар каткырып, бөлмө ичи күлкүгө толду. Ал күнү тажамак тургай, мугалим берген алиппени тескерисинен кармап алып «Каак каак калың каз, кача албайсың алың аз» деп эжемден жаттап алган ырды кыйкырып ырдап, баарын күлдүргөм», — деди Айжамал Бердимуратова.

Айжамал Бердимуратова Түркияга барганда кабылган окуяны унутпайт. Ал окуяны баяндап берди.

«Түркияга алгачкы жолу барганда жүрөгүмдү оорутканы, өзүнөн чоң каптардагы таштандыларды сүйрөп жүргөн, качкын сириялык жаш балдар болду. Тропикалык өлкөлөрдүн бири болгон, кооз, көркөм Түркиянын ооз ачырган кооздугуна суктанып бүтө албай жүргөн күндөрүмдүн биринде эч унутулгус, көз алдымдан кеткис бир аянычтуу окуяга туш болдум. Дем алыш күнүмдү чогуу өткөргөн мекендеш курбу кызым Айгүл, белгилүү бир себептерден улам дем алышсыз иштеп калды. Көңүлсүз, анан да чоочун жерде жалгыз жүрүүдөн бир аз ыңгайсыз болдум. Курбу кызымдын жумуш жерине барып, күндү чогуу өткөрүүнү чечтим. Ошентип жашаган жериме кайтып келе жатып, таштанды таштоочу кутунун ичинде таштандыга белчесинен батып, малынып, желим бөтөлкөлөрдү апасына терип берип жаткан 6 же 7 жаштардагы кичинекей кызга көзүм урунду. Апасы сыртында кызы берген желим бөтөлкөлөрдү кабына салып, экөө божурап сүйлөшүп жатышты. Кыздын ошондогу бир кейип койбой бактылуу жүзү менен кир кийими, арык илмейген тулку бою, эсимде өмүр бою сакталып калды. Кантип ордумда катып, көздөрүмдөн аккан жаш бетимди жууп жатканын сезбей, ордумда туруп калыптырмын.

Анан ал тиги тармал чач, сүйкүмдүү, куурчактын эскилиги жеткен кир кийиминдей көздөрү жайнаган кыздын кол булгалап, жаркырай жагымдуу жылмайганынан эсиме келдим. Мен да көңүлүн ала кол булгай, чөнтөгүмдөн акча алып, жакын барып, колуна сундум. Ошол убакта жаныбыздан өтө берген сулуучумак, кымбат кийинген, түрк улутундагы дагы улуураак эже «Ай, акча берип көндүрбөй эле кой. Булар сириялыктар» деди. Баягы кымбат кийимчен сулуучумак эже көзүмө желмогуз көрүнүп, жан дүйнөм менен жек көрүп «Эже, сириялык болсо эмне болуптур. Сизди түрк, мени кыргыз, буларды сириялык кылып бирөө тандаптырбы? Буларды да, бизди да бир кудай жараткан, мындай жашоону булар деле каалашпайт да» дедим ызаам менен. Ал «Жаман көндүрүп жатасыңар мигранттар!» деп булкунуп, жолуна түштү.

Мен бул окуя менен эмнени айткым келди. Колунда барлардын балдары барга да ыраазы болбой, кымбат-баалуу телефон алып берсе да кыялдарын көрсөтүшүп, «Айфон» алып бер деп кыйнап, а биз болсо тамактарды тандап жеп, ашканын ыргытып, деги койчу көп кесирлик кылабыз. А тигил белчесинен таштанды кечип турса да, жадырай күлгөн эне-бала мага кыска бир көз ирмем ичинде чоң бир сабак болду. Кымбат кийимчен эженин кылыгы, кедей менен бай, момун менен залимдин ортосундагы бириккис ажырым эч өзгөрүүсүз калаарын тастыктады. Мен мындай көрүнүш тээ биздин ата-бабалардын заманында гана болгон деп билчү экемин. Көрсө, бул ажырым дагы да бар экен», — деди ал.

Сириялык жетим кыз

Жүрөктү ачыштырып аёо сезим,

Ошол күн маанайым жок үйгө келдим.

Таштанды ичиндеги татына кыз,

Дагы да акылымда жашайт менин.

Турса да таштандыны белден кечип,

Желимден бөтөлкөлөр тандап терип.

Жүзүнөн күлкү төгүп жадырайт кыз,

Кабына апасынын салып берип.

Сезбедим токтоп туруп калганым да,

Жүзүмдү жылуу көз жаш чайганын да.

Божурайт эне бала күлүп жайнап,

Бир саамга кейип койбой тагдырына.

Колуна бир ааз тыйын бердим барып,

Күн жүздүү ал энеден бата алып.

Ой алар сириялык деп кыжынды,

Нарактан «сулуу» эже кабак салып.

Эмне экен сириялык болсо эле,

Түрксүң деп сени тагдыр чечти беле.

Аларда эмне күнөө айткылачы,

Алар да силер өңдүү эле пенде.

Согуштан качып келип жердеп калган,

Тагдыры башына оор сынак салган.

Секелек сириялык қүлүңдөгөн,

Нур жүзү, эстен кеткис болду арман!…

Автор: Бердимуратова Айжамал

Кара-Көл шаары. 08.02.2020. жыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE