Пример HTML-страницы

Кара-Көл шаарында «Жагалмай» компаниясына текшерүү жүргүзгөн инспекторго айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Көл шаарында ишкердик субъектисине мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөн кызмат адамына айып пул салынды. Бул тууралуу Кара-Көл шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу Бектурсун Бакиров билдирди.

Маалым болгондой, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башкы инспектору Ж.З.М. Кыргыз Республикасынын президентинин «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» жарлыгы менен коюлган чектөөлөргө карабай, «Жагалмай» ЖЧКсына текшерүү жүргүзүп, 200 000 сом айып салган.

Буга байланыштуу Кара-Көл шаарынын прокуратурасы тарабынан башкы инспектор Ж.З.М.га карата иш козголуп, 10 миң сом айып пул салынган.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Жагалмай» ЖЧКсы 2024-жылы 15-февралда кайра каттоодон өткөн.

Ишмердүүлүгү: Магистралдарды жана шоссе жолдорду куруу.

Жетекчиси: Зайирбеков Рыскулбек Зайирбекович.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE